Кыргыз Республикасы Татарстан Республикасынын Казань шаарында өткөн DigitalSkills 2023 V тармактык чемпионатында күмүш медалдарга ээ болду
2023-жылдын 20–23-сентябрында өткөн мелдешке КМШ өлкөлөрүнөн, Азия-Тынч океан регионунан жана БРИКС өлкөлөрүнөн, ошондой эле Россия Федерациясынын 25тен ашуун регионунан 350дөн ашык катышуучу жана 300 эксперт катышты.
Кыргыз Республикасынын атынан үч катышуучу чыгып, өз компетенциялары боюнча 2-орунду (күмүш медаль) ээлешти:
1. Пратов Тимур
2. Югай Илья
Кыргыз-Герман прикладдык информатика институтунун студенттери «Веб-технологиялар» компетенциясы боюнча чыгышты.
3. Камалов Султан — Ош мамлекеттик университетинин докторанты, «Учуучу робототехника» компетенциясы боюнча катышты.
Бул компетенция боюнча эксперт катары ОшМУнун окутуучусу Азимов Бектур катышты.
Кыргызстандан барган топтун уюштуруучусу жана жетекчиси (тим-лидер) — «Билим-Стандарт» көз карандысыз аккредитациялоо агенттигинин директору Эрик Эсентаев.
Кыргызстандык конкурстун катышуучулары санариптик технологиялар жаатындагы жогорку деңгээлдеги көндүмдөрүн көрсөтүштү. Бул ийгилик Кыргызстандагы жаш адистердин санариптик технологиялар жаатындагы даярдыгынын жана компетенттүүлүгүнүн жогорку деңгээлин айгинелейт.
Чемпиондорубузду жана алардын жетекчисин бул маанилүү жетишкендик менен куттуктайбыз!