«БИЛИМ-СТАНДАРТ» КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ АККРЕДИТАЦИЯЛЫК АГЕНТТИГИНИН ЭКСПЕРТТЕРИНЕ КОЮЛУУЧУ ТАЛАПТАР
Эксперттин иши аккредитациялоо жол-жобосунун алкагында билим берүү программаларына тышкы экспертизаны уюштуруу жана өткөрүү боюнча колдонмого ылайык жүзөгө ашырылат.
Эксперттерди даярдоо программасы боюнча окууга арыздарды кабыл алуу Агенттиктин сайтындагы каттоо формасы аркылуу жүргүзүлөт: https://www.bskg.agency
Ошондой эле билим берүү программасын (программаларын) баалоо үчүн зарыл болгон компетенттүүлүккө ээ адамдар эксперт катары тартылышы мүмкүн.
Билим берүү программасына (программаларына) тышкы экспертиза жүргүзүүгө катышкан эксперттерден жогорку этикалык стандарттарды — кесипкөйлүктү, чынчылдыкты, калыстыкты жана адилеттүүлүктү сактоо талап кылынат.
Экспертке коюлуучу талаптар:
1. Кесипкөйлүк
Эксперт тиешелүү предметтик чөйрөдө адис болууга тийиш. Эксперттик топтун мүчөлөрү Агенттиктин стандарттарына жана критерийлерине ылайык билим берүү программасын (программаларын) баалоонун жогорку сапатын камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алышат.
Эксперт башка эксперттер жана аккредитациядан өтүп жаткан билим берүү уюмунун кызматкерлери менен өз ара мамилелерин бири-бирин урматтоо принцибинин негизинде түзүүгө, ошондой эле башка эксперттин же экспертиза жүргүзүлүп жаткан билим берүү уюмунун өкүлдөрүнүн ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинткен билдирүүлөрдү жана сөз айкаштарын колдонбоого тийиш.
2. Кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу
Эксперт эксперттик топтун курамына киргизилгенге чейин анын эксперттик топтун ишине катышуусуна тоскоолдук кылган жагдайлар бар экендиги жөнүндө Агенттикке маалымдоого милдеттүү.
Эксперттин билим берүү программасын баалоого катышуусуна тоскоолдук кылган жагдайларга төмөнкүлөр кириши мүмкүн: ушул билим берүү уюмунда учурда иштөөсү же мурда иштегендиги; бааланып жаткан программаны аккредитациялоо процесси боюнча консультациялык кызматтарды көрсөткөндүгү; ишке орношуу мүмкүнчүлүгү боюнча мурда сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгү же учурда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгы; ушул билим берүү уюмунда билим алгандыгы; финансылык кызыкчылыктарынын болушу.
3. Купуялуулук
Иштин маанилүү принциптеринин бири — купуялуулук. Экспертке келип түшкөн бардык маалыматтар жана документтер купуя болуп саналат жана билим берүү программасын аккредитациялоо максатында гана пайдаланылууга тийиш.